Ош шаарынын ортосунда авариялык эски тамда жашаган үч үй-бүлөгө жаңы батир берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, таңкы рейддик кыдыруунун алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Курманжан датка көчөсүндөгү “Эмаком” компаниясы курган көп кабаттуу турак жайдын артында, көлөкөсүндө калган эски жер тамдарда жашап келген үч үй-бүлөдөн кабар алып, шартын көрүп чыккан.
Үйлөрү авариялык абалда болуп, жашоого эч кандай шарты болбогондуктан аларды көчүрүп чыгып, башка жерден жаңы үй берип, жер аянтын жанаша жайгашкан “Айданек” балдар бакчасына кошуп кеңейтип берүү боюнча тапшырма берди.
Ага ылайык бүгүн эски жер там ээлерине жаңы үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Үч үй-бүлө күтүүсүздөн келген мэрдин бул аракетине дагы да болсо ишене албай, кыска аралыкта эски шарты жок үйлөрү заманбап 2-3 бөлмөлүү батирлерге алмашылганына чексиз кубанычта. Эми алар жаңы үйлөрүнө көчүү камылгасын көрүп жатышат.