Йемендин борбору Сана шаарында жергиликтүү электр станциясынын жанында эки жарылуу болду. Бул тууралуу 17-августта Reuters агенттиги жергиликтүү тургундардын айткандарына таянып кабарлады.
"Эртең менен эрте Йемендин борбору Санада, электр станциясынын жанында жок дегенде эки жарылуу угулду", — деп айтылат басылманын материалында.
Жарылууларга эмне себеп болгону азырынча белгисиз экени белгиленди.
Буга чейин, 14-августта Израилдин Коргонуу армиясынын маалымат кызматы Йемен аймагынан учурулган ракетаны Аба күчтөрү тосуп калганын кабарлаган.