Биз социалдык тармакта

"Арзандын тузу татыбайт..." Оштогу мектептер 10 миң парта менен камсыздалат (видео)

Ош шаарындагы мектептерге 10 миң даана окуу парталары, отургучтары менен сатып алынат. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мектептерге болгон рейдинде маалым болду.
Мэр жаңы окуу жылына карата мектептердин даярдыгын текшерүү учурунда, окуу каналарындагы парталар, отургучтары менен жараксыз абалга кептелип, эскилиги жеткендиктен жаңылоо тапшырмасын койгон.
Токторбаев тендерге коюлган ар бир парта менен отургучтарды жеке көрүп анан буйрутма бере тургандыгын эскертти.
"Арзандын тузу татыбайт. Жакшысын (ред.: парта, отургуч) алышыбыз керек. Сапатын мен жеке көрүшүм керек. Терешкованын парталарын көрдүңөрбү? Ошондой алышыбыз керек. 10 миң болбосо, беш миң алып келелик. Кымбат болгону менен, сапаты жакшы. Арзан алып келсек 2 жылда эле сынып калып жатат. Санын азайтпайлы, акчасын табабыз. Тендер боюнча мага сапатын көрсөтөсүңөр. Баарын мен өзүм айтам, алып келип көрсөтөсүңөр. 8 миң деп туруп сапатсызын алып алсаңар, анда..." - деп билдирди мэр.
Оштун мэри мектеп боюнча
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан