Нарын. Нарын районунун айылдарында документтерди электрондук вариантка өткөрүү маселеси ишке ашырылууда

Нарын районунун айыл өкмөттөрүндө өзүн-өзү башкаруу структураларында мамлекеттик документтерди жана чарба китептерин электорндук вариантка көчүрүп, компьютерлештирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу райондогу социалдык өнүктүрүү кызматы билдирди. Нарын шаарында жана Нарын районунда социалдык тейлөөнү жакшыртуу жана адистердин ишин жеңилдетүүгө карата алардын компьютердик сабаттуулугун көтөрүү курсунан өткөрүү менен элге көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатуу иштери жүргүзүлдү. Бул маселелерди чечүү үчүн “Ийгилик ачкычы” долбоорун иштеп чыгып, райондогу жана шаардагы 23 социалдык кызматкердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу курсунан өткөрүштү. Мунун негизинде жарандар райондун кайсы жеринен болбосун социалдык кызматкерлерден сапаттуу кызмат ала алышат. Мындан сырткары Нарын районунун 15 айыл өкмөтүнө - 15 жана Нарын шаарына - 1 “Социалдык адилеттүүлүк” боюнча маалыматтык такталар орнотулду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан