АКШнын Мамлекеттик департаменти Газа тилкесинин тургундары үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берүүчү бардык визаларды берүү процессин убактылуу токтотконун билдирди.
Тиешелүү билдирүү кечээ, 16-август, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги X социалдык тармагына жазды.
Мамлекеттик департамент белгилегендей, акыркы убакта АКШ Газанын айрым тургундарына "медициналык жана гуманитардык себептерден улам" аз санда убактылуу виза берген.
2025-жылы АКШ палестиналыктарга 3800дөн ашуун B1/B2 визасын берген. Бул визалар чет өлкөлүктөргө АКШда дарыланууга мүмкүнчүлүк берет. Маалыматка ылайык, май айында 640 виза берилген