Биз социалдык тармакта

Бишкекте 2 күн катары менен казак тасмалары көрсөтүлөт 

Маданият министрлиги Бишкек шаарында 20-22-август күндөрү Казакстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөрүн кабарлады.
Иш-чаранын алкагында казакстандык белгилүү режиссёрлордун көркөм тасмалары көрсөтүлүп, ар бир киносеанстан кийин авторлор менен жандуу талкуу уюштурулат.
Программа:
  • 20-август, 18:00 – “Казак хандыгы. Алтын тақ” (реж. Рустем Абдрашов)
  • 21-август, 14:00 – “Операция Набат” (реж. Рашид Сулейменов)
  • 22-август, 11:00 – “Жамбыл. Жаңа дәуір” (реж. Жандос Кусаинов)
Белгилей кетсек, тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.
Бул иш-чара Кинематография департаменти, Казакстандын Айманов атындагы “Казакфильм” мекемеси, ошондой эле Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан