АКШ президенти Дональд Трамптын Украинанын өлкө башчысы Владимир Зеленский менен жолугушуусу бүгүн, 18-августта Бишкек убактысы боюнча 23:15те болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ак үйдүн билдирүүсүнө шилтеме берип кабарлашты.
Маалым болгондой, алгач Ак үйгө европалык мамлекеттердин лидерлери барышат. Андан кийин саат 23:00дө Трамп Украина президентин тосуп алат жана жолугушуу башталат.
Бул арада Зеленский АКШ президентинин чакыруусуна ыраазычылык билдирип, өзү Вашингтондо экенин кошумчалады.