Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милиция кызматы президент
Садыр Жапаров тарабынан
текшерүүдөн өткөн жана таштандылар аныкталган көлдүн жээгинде тазалоо иштерин жүргүздү.
Мекеме билдиргендей, аталган пляж Чолпон-Ата шаарына караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун аймагында жайгашкан.
"13-август күнү туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери күнүмдүк текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда бул аймактан таштандыларды аныктап, сүрөткө тартып, Чолпон-Ата шаардык мэриясына билдирүү беришкен. Мэрия тарабынан таштандыларды ыкчам тазалоо боюнча убада берилгенине карабастан, аймак тазаланбай калган. Мындан улам милиция кызматкерлери кечээ пляждын жээгин тазалап чыгышты",- деп билдирди милициядан.
Айта кетсек, 17-августта президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып, таштандылар көп экендигин
билдирген.