Биз социалдык тармакта

"Супермен" тасмасында терс каармандын ролун жараткан белгилүү актёр Теренс Стэмп 87 жашында көз жумду

Британиялык актёр Теренс Стэмп 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу кечээ, 17-августта чет элдик басылмалар актёрдун үй-бүлөсүнө шилтеме берип кабарлашты.

"Ал актёр катары да, жазуучу катары да мыкты эмгектерди калтырды. Алар дагы көп жылдар бою адамдарды таасирлентип, шыктандыра берет. Бул оор учурду үй-бүлөбүз тынч өтүшүн каалайт",- деп билдирген үй-бүлөсү.

Маалыматка ылайык, Стэмп 17-август күнү эртең менен каза болгон. Өлүмүнүн себеби айтылган эмес.

Стэмп өзүнүн актёрдук карьерасын 1960-жылдары Лондондо баштаган. Анын катышуусундагы алгачкы белгилүү тасма - "Билли Бад". Бул тасмадагы ролу үчүн ал "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Кийинчерээк ал "Супермен" жана "Супермен-2" фильмдериндеги генерал Зод аттуу терс каармандын ролу менен кеңири таанылган. Ошондой эле ал "Жылдыздар согушу. Эпизод I - Жашыруун коркунуч" тасмасында да роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан