Биз социалдык тармакта

Султан Жумабек уулу Сары-Челектеги Тоскоол-Ата көлүн сүзүп өттү

16-августта Жалал-Абад облусунда Сары-Челек биосфералык коругун сактоого багытталган уникалдуу спорттук иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын туунду ишканасы - "Асман Ойл Компани" ЖЧКсынын авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкери Султан Жумабек уулу Сары-Челек коругундагы деңиз деңгээлинен 1873 метр бийиктикте жайгашкан Тоскоол-Ата көлүн сүзүп өттү.

Спортчу саат 13:00дө көлдүн түндүк жээгинен старт алып, 7,5 чакырым аралыкты 10-15 сантиметр келген толкун менен басып өтүп, 15:22де түштүк жээкке жеткен. Эс алуусуз сүзүү 2 саат 22 мүнөткө созулду.

Эске салсак, Султан Жумабек уулу буга чейин сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк рекорду жана Соң-Көлдөгү жеңиши менен белгилүү болгон.



Султан Жумабек уулу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан