Биз социалдык тармакта

Өлкөдө мал экспорту азайды

Айыл чарба министрлиги тарабынан малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетишине жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлгөн чаралардан улам, быйыл мал-жандыктын экспорту кыйла азайды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 781 кой-эчки жана 1 636 жылкы экспорттолду.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү кыйла жогору болгон. Тактап айтканда, 2024-жылдын 7 айында өлкөдөн 77 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 392 кой-эчки жана 5 113 жылкы сыртка чыгарылган. Салыштырмалуу алганда:

  • Ири мүйүздүү мал экспорту 47 414 башка азайган,
  • Кой-эчкинин экспорту 38 611 башка кыскарган,
  • Жылкы экспорту болсо 3 477 башка азайган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан