Орусияданын коопсуздук кызматы Крым көпүрөсүнө жасала турган жаңы теракттын алдын алды.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, кол салууга камынып бара жаткандардын унаасынан 130 килограмм жарылуучу заты табылды. Аны Крым көпүрөсүн жардыруу үчүн алып бара жатышкандыгы белгилүү болду.
Жарылуучу зат Украина аймагында унаага салынган жана андан кийин бир катар европалык шаарлардан бажы текшерүүлөрүнөн өткөн.
Бомба алыстан башкарылып жардыруу үчүн даярдалган болчу жана унаа Крым көпүрөсүнө жеткенде жардырылмак деп айтылды.