Бүгүн, 18-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев №13 "Кыял" бала бакчасын текшерип барды.
Анда ал балдардын уктоочу бөлмөлөрүндөгү керебеттердин, шейшептердин, ошондой эле ашкана жана ажаткана жайларынын тазалыгын карап чыкты. Токторбаев негизинен "жакшы" деген баасын берип, бала бакчадан чыгар алдында полдон таракан таап алды.
Ал аны кармап, бала бакчанын директорунун алаканына салды.
"Мына эжеке, үйгө күйөө балага барып, куурдак кууруп бересиз, макулбу?" - деди калаа мэри.