Биз социалдык тармакта

Эки күн бою Ысык-Көл жээгинде Биринчи айымдын катышуусунда балет кечеси өттү

15-16-августта "Рух Ордо" маданий борборунда "Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечелери" болуп өттү. Бул тууралуу Биринчи айымдын социалдык баракчасында маалым болду.
Маданий иш-чара Маданият министрлиги тарабынан Биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен уюштурулду.
"Максаты – балетти жайылтуу жана аймактын чыгармачылык, туристтик потенциалын көрсөтүү. Көрүүчүлөр А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдынкы солисттери Даяна Кыдыралиева, Айдана Галиева, Айпери Турусбекова, Саади Иманкулов, Адильжан Рахманов, Адинай Эмильбекова, Бегимай Ильязбекова, Фарух Садыркулов жана Марат Сыдыковдун аткарууларын көрүштү. Ошондой эле ачык асман алдында Мариин театрынын артисттери Альбина Сатыналиева жана Раманбек Бейшеналиев, ошондой эле Москва хореография академиясынын студенти Алихан Акматов өнөрлөрүн тартуулашты. Эки театрдын артисттеринин өз ара сый-урматты символдоштурган коллабрациялык аткаруулары да тартууланды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан