Араван районунда автобейбаштык кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага административдик протокол түзүлүп, айып пул салынган. Ал эми унаасы айып короого токтотулган.
Башкармалык мындай мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөр күчөтүлүп жатканын кошумчалады.