Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдө туристтерди тейлөөнү жакшыртууну тапшырды. БелТА агенттигинин маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү президенттин төрагалыгы алдында өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда туризм тармагын жөнгө салуу маселеси талкууланды.
Беларус лидеринин айтымында, туристтердин агымын көбөйтүү үчүн тейлөөнүн сапатын жогорулатуу зарыл.
"Ачык эле айтам, эгерде мейманканалардагы керебеттердин астында таракандар жүрсө, анда бул жакка туристтер келбейт. Бизге беларустарды өз мекенинде тез-тез эс алууну тандай турган деңгээл керек. Менимче, алар өздөрү тандашат", - деген Лукашенко.