Быйыл 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда майрамга карата жаңы административдик имараттын алдындагы борбордук аянтта даярдыктар башталды. Борбордук аянттагы эгемендүүлүк майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага 40-50 миң адамдын катышары күтүлүп жатат.
Майрамдык иш-чарага карата бир катар объекттер колдонууга берилет.
Шаардык мэрия шаар тургундарын жана конокторду тазалыкты сактап, меймандос болууга чакырат.