Биз социалдык тармакта

Бишкекке Казакстандын президенти келет

21-22-август күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкерлери тартылат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.

Делегациянын кортежи өткөн учурларда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет: "Манас" эл аралык аэропортунан Мамлекеттик резиденцияга, андан кийин Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

Урматтуу жарандар, иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алуу менен киргизилген чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан