Вашингтондогу Ак үйдө болгон жолугушууда Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Дональд Трампка жубайы Елена Зеленскаянын биринчи айым Мелания Тармпка жазган катын тапшырды.
"Менин жубайым, Украинанын биринчи айымы кат берди. Бул сизге эмес, сиздин аялыңызга", - деди Зеленский жылмайып.
Украин лидери ошондой эле Мелания Трампка Орусиянын башчысы Владимир Путинге жазган каты үчүн ыраазычылык билдирди. Ал катты Трамп Путинге Аляскадагы жолугушууда тапшырган.