Ош шаарынын мэриясы калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевдин аткарган иштерин чагылдырган кичинекей кыздын эмгегине түшүндүрмө жасаган видео жарыялады.
Анда Ак-Буура дарыясынын корук аймагын бошотуу, мыйзамсыз курулуштарды бузуу, Лениндин эстелигинин алынышы, таңкы кыдыруулар чагылдырылганы айтылат.
Эске салсак, Жеңишбек Токторбаевге 8 жаштагы Лейли Нурсултан кызы анын рейд учурундагы жана иш үстүндөгү образын пластилинден жасап, белек кылган. Өз кезегинде Токторбаев кичинекей кыздын чыгармачыл эмгегин баалап, ага планшет берген.