Социал-демократиялык партиянын депутаты Ээмели Пелтонендин сөөгү Финляндия парламентинин имаратынан табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өз жанын кыйган.
Чет элдик басылмалар окуя болгон жерде укук коргоо органдары иш алып барып жатышканын жазышты. Пелтонен 2023-жылы депутат болуп шайланган. Административдик жана юридикалык комитеттерде иштеген. Ошондой эле Ярвенпя шаардык кеңешин жетектеген.
Депутат бөйрөк оорусунан жабыркап, 2025-жылдын июнь айынан бери эмгек өргүүсүндө болгон.