Биз социалдык тармакта

Бишкектин көчөлөрүндө кыргыз-өзбек музыкалары жаңырды (видео)

Бишкектин көчөлөрүндө кыргыз жана өзбек өнөр адамдары өз таланттарын көрсөтүштү. Алар музыкалык аспаптарды ойношуп, көчөдө жандуу улуттук музыка жаңырды. Бул тууралуу кечээ, 19-август күнү кечинде Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева жарыялады.

"Эл токтоп, видео тартып, кол чаап, артисттер менен кошо бийлешти. Бул улуттар аралык чыныгы майрам болду.

Мындай жылуу кабыл алууңуздар үчүн чоң ыраазычылык",- деп жазды ал.

Маалым болгондой, Өзбекстандын өнөр адамдары Бишкекте өтө турган "Zakovat Asian Cup II" оюнуна катышуу үчүн келишкен. Аталган оюн бүгүн, 20-августта болот.

кыргыз, өзбек өнөр адамдары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан