Биз социалдык тармакта

Финляндиялык депутаттын денеси парламент имаратынан табылды

Кечээ, 19-августта Финляндиянын Социал-демократиялык партиясынан шайланган 30 жаштагы депутаты Эемели Пелтоненин денеси Хельсинкидеги парламент имаратынан табылды.

Чет элдик ЖМКлар полиция кызматына шилтеме берип, кылмышка байланыштуу эч кандай белгилер аныкталбагандыктан окуя өзүнө кол салуу катары каралып жатканын жазышууда

Финляндиянын премьер-министри Петтери Орпо маркумдун үй-бүлөсүнө жана кесиптештерине көңүл айтып, парламенттеги бардык саясий иш-чараларды убактылуу токтотту.

Июнь айында Пелтонен социалдык тармактарда өзүнүн бөйрөк оорусуна чалдыкканы тууралуу жазып, дарыланып жаткандыгын билдирген. Кийинчерээк бактериялык инфекция менен ооруп, жай бою дарыланууга байланыштуу эмгек өргүүдө болгондугун да айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан