Биз социалдык тармакта

Бишкектин борбордук аянтында 22-августта "Манас" оркестринин акысыз концерти өтөт

22-августта саат 19:00дө борбордук Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен президенттик "Манас" камералык оркестри жаңы концерттик сезонун ачат.

Мэриянын маалыматы боюнча, бул кечени маэстро Медет Осмонов жетектейт. Анын жетектөөсүндө оркестр менен биргеликте Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Полина Попикова, Элгиз Бейшенбаев, Аяна Бекенова жана Атахан Айбек уулу ырларын тартуулашат.

Мэрия Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун ачык асман алдында жандуу музыка менен коштолгон кечеге чакырат. Кирүү акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан