Биз социалдык тармакта

Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу ачылды

Бүгүн, 20-августта Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Ош облусунун жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара Казакстандын Конституция күнүнө карата уюштурулду.
Ачылышына президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамед Конуспаев жана шаардагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.
"Жаңы ачылган консулдук Казакстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандагы казак жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында иш алып барат. Башкы консулдук Ош шаарынын Резиденция кичи районунда, 6-көчө, 18-үйдө жайгашкан",- деп белгиленет маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан