Биз социалдык тармакта

АКШ Мексика чек арасында темир тосмону кара түскө боёону пландап жатат

АКШ бийлиги Мексика чек арасындагы тосмону кара түскө боёп, мыйзамсыз мигранттардын аны ашып өтүү аракеттерин алдын алуу максатын пландап жатат. Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Бул тосмону ашып өтүү, казып чыгуу кыйынга турат. Бирок өтүүгө аракет кылгандар көп. Аны кара түскө боёйбуз. Жогорку температурада кара түскө боёлган нерсе дагы да ысып, аны ашып өтүү дагы татаалдашат. Бул чара АКШнын президенти Дональд Трамптын тапшырмасы боюнча жасалууда", - деди Ноэм.

Министр боёонун негизги максаты адамдардын мыйзамсыз жол менен АКШга кирүү аракети менен күрөшүү экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан