Бүгүн, 21-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас өрөөнүндө +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +20…+25, Нарын чөлкөмдөрүндө +23…+28 градус ысык болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күндүн табы +31…+33 градуска жетсе, Ош шаарында +32…+34 градуска көтөрүлөт.