АКШнын соода басымынын шартында Дели менен Пекин өз ара позицияларын жакындатып жатышат. Бирок эки өлкө толук кандуу мамиле түзүүгө али бара элек. Бул тууралуу америкалык CNBC телеканалы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Индиядагы эки күндүк иш сапарын аяктады.
"Индия менен Кытай бири-бирин атаандаш же коркунуч катары эмес, өнөктөш жана мүмкүнчүлүк катары кароосу керек",- деп билдирди ал.
Ал ошондой эле 2024-жылдын октябрында Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин жолугушуусу эки өлкөнүн мамилелерин "кайра жандантуунун" башаты болгонун белгиледи.
Жаңы келишимдер жана жылыштар:
Эксперттердин пикиринде, бул жылыш "тактикалык" мүнөзгө ээ жана мамилелердин фундаменталдык өзгөрүүсү эмес. Чек ара талаштары толук чечиле элек, суу ресурстары боюнча да талаштар сакталууда.
Мындан тышкары, май айындагы Индия менен Пакистандын чек арасындагы кагылышуу учурунда Пакистан өзүнүн J-10C кытай учактары Индиянын Rafale учактарын атып түшүргөнүн билдирген. Бул да кырдаалды курчуткан.
6-августта АКШ президенти Дональд Трамп Индияга карата кошумча 25 пайыз бажы төлөмдөрүн киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Алар 27-августтан тартып күчүнө кирет. Буга Индиянын Орусиядан нефть сатып алуусун улантуусу себеп болгон.
Трамп Индияны "бажылардын падышасы" деп атап, ага каршы эң жогорку бажы төлөмдөрүн киргизгенин билдирген.