Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Ош мамлекеттик университетинин Искусство бөлүмүнө тапшырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында кабарлады.
Чыныбек кызынын айтымында, ал буга чейин дал ушул университеттин Журналистика факультетин кызыл диплом менен аяктаган.
"Сүйүнчү, достор, мен кайрадан студент болдум.
Мындан бир топ жыл мурун ОшМУнун Журналистика факультетин аяктап, диплом алган элем. Бул жолу да ушул университетти тандадым, Искусство факультетине тапшырдым. Кудай буюрса, эсенчилик болсо, бул жолу да кызыл диплом менен аяктап алганды насип этсин",- деп жазган ал.