Биз социалдык тармакта

Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында массалык мушташ катталды (видео)

Бишкекте “Ынтымак” сейил багында топтошуп мушташкандар кармалышты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 18-август саат 03:36 чамасында эс алуу жайында коомдук тартипти одоно бузуп, топ жигиттер массалык мушташ уюштурушкан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп башталды. Натыйжада окуяга тиешеси бар 2005-жылы туулган Р.Э., 2003-жылы туулган Т.Н., аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Ал эми дагы 5 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү.

Тергөө иштери улантылууда


21.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан