Эми SIM-карталарды жана банк карталарын сатуу кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, банк карталарын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга берүүгө катуу тыюу салынат.
ИИМ документтериңизди, SIM-карталарыңызды жана банк карталарыңызды сактоого жана кылмышкерлерге сиздин атыңызды колдонууга жол бербөөгө чакырат.