
Талас шаарында эт саткан дүкөндөр текшерилип, эттин баасына көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия бүгүн, 21-августта билдирди.
Маалыматка караганда, көзөмөл иштерине Талас шаарынын мэриясынын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери катышты.
Анын жүрүшүндө кой этинин бир килограммы 650 сом, уй жана жылкы эттеринин баасы 630 сомдон жогору болбошу керектиги эскертилди.
Эске салсак, ушул жылдын 11-августунан тарта өлкө боюнча эттин баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөл киргизилген.