Жер тилкеси барлар Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алышса болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына МИКтин расмий өкүлү Мырзагүл Сардарбекова билдирди.
Анын айтымында, МИКтен үй алууну каалаган жарандар үчүн эң негизги талап - программага катышуучунун, анын жубайынын жана жашы жете элек балдарынын Кыргызстандын аймагында өзүнүн турак жайы жок болушу керек.
"Үлүш жерлери же жер тилкеси болсо деле кезекке тура алышат. Бир гана турак жайы болбошу керек жана программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайды сатуу боюнча юридикалык келишимдер болбошу зарыл",- деди ал.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.