Бишкектин айрым көчөлөрүндө 26-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.
Мэрия кабарлагандай, суу берүү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Чүй кең көчөсү - Гоголь көчөсү - Огонбаев көчөсү - Осмонкул көчөсү.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.