Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа секторун көзөмөлгө алуу жана палестиналык ХАМАС кыймылынын түзүмүн толугу менен жок кылуу боюнча аскердик жетекчиликтин пландарын бекитти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Премьер-министр Газа дивизиясына барып, Израил коргонуу армиясынын Газа шаарын көзөмөлгө алуу жана ХАМАС террористтик уюмун толугу менен жок кылуу боюнча пландарын бекитти",- деп айтылат маалыматта.
Бейшемби күнү Нетаньяху билдирүү жасап, Газа секторундагы аскердик операция Израил армиясы палестин анклавын толугу менен көзөмөлгө алгандан кийин тез арада аяктай турганын айтты.
Эске салсак, 20-августта Израил армиясы Газа шаарына чабуул баштаганын жана шаар четиндеги аймактарды көзөмөлгө алганын билдирген.