Биз социалдык тармакта

Өзбекстандын президентин кемсинткен тиктокер 3 жылга эркинен ажыратылды

Өзбекстандын Нурафшан шаарынын соту 26 жаштагы блогер Валерий Дюгайды Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди кемсинтүү жана эл аралык кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп таап, үч жыл бир айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз катчысы Азиз Абидов билдирди.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, блогер 2024-жылы Түштүк Кореяда жүргөн учурда Өзбекстандын жарандарына карата кемсинтүүчү видеолорду ТикТок социалдык тармагында жарыялаган. Дюгай Абу-Дабиден Самаркандга кайтып келгенде кармалып, Ташкентке жеткирилген.

Тиктокер Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 156-беренеси (Улуттук, расалык, этникалык же диний кастыкты козутуу) жана 158-беренеси (Президентти ачык кемсинтүү) боюнча күнөөлүү деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан