Бүгүн, 22-августта Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин билдирүүсүндө айтылды.
Өрттү өчүрүү иштеринде жалпы 2 бөлүм иш алып барды. Мындан тышкары, саат 10:30да Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылды.
Өрт саат 10:46да чектөөгө алынып, 11:47де толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 40 чарчы метрди түзүп, жалпы 168 адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.
Мекеме тараткан видеодо куткаруучулар жарандарды эвакуация кылып жатканын көрүүгө болот.