Белгилүү ырчы Курал Чокоев үчүнчү ирет кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Көп балалуу ата болдум, буюрса. Кудайга шүгүр",- деп жазды Чокоев.
Маалым болгондой, ырчынын жубайы 20-августта көз жарган. Социалдык тармактарда ырчынын сахналаш достору кубанычтуу жаңылыгы менен куттуктап жатышат.
Эске салсак, Курал Чокоев 2018-жылы 24-сентябрда Жанара аттуу кызга үйлөнгөн.