Кечээ, 20-августта Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы интернет-дүкөн аркылуу баңгилерди таратуу менен алектенген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Иликтөө иштеринин алкагында башчысы 1998-жылы туулган Р.Э. аттуу жаран кармалып, анын жанынан 9 оролгон баңгизаты жана аларды каткан жерлери табылды. Ошондой эле алардын баарын таңгактаган 1997-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалды. Жалпы алынган бпңгизатынын салмагы 2 килограмм 633 граммды түздү. Алардын баасы болжол менен 6,9 миллион сомду түзүшү мүмкүн.
Эки шектүү кармалып, Бишкек шаарынын №1 убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.