АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуунун келечеги эки жумадан кийин айкын болорун билдирди.
"Көрөбүз. Менимче, эки жумадан кийин биз окуялар кандай болорун билебиз", - деди ал Ак үйдө.
Ошондой эле Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон мамилеси тууралуу айтып жатып, орус лидери 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда АКШга келерине үмүттөнөрүн айтты.
"Владимир Путин эмне болуп жатканына жараша келет деп ишенем. Жакынкы бир-эки жумада бизде көп нерсе болот", - деди АКШ президенти журналисттерге Путин менен жолугушуудан чогуу тартылган сүрөттү көрсөтүп.