АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен Украинанын башчысы Владимир Зеленскийдин ыктымал жолугушуусу өз алдынча жыйынтык бербеши мүмкүн экенин билдирди.
"Танго бийи үчүн эки адам керек. Билесизби, мен экөө менен тең жолуккум келди. Мен ал жерде болушум мүмкүн эле, бирок көптөр ал жолугушуудан эч нерсе чыкпайт деп ойлошот. Балким, бул чындыр, балким, бул туура эмес", - деди Трамп Ак үйдө журналисттер менен болгон жолугушууда.