Биз социалдык тармакта

Зеленский Путин менен аймактык маселелерди талкуулоого даяр

Ураинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушууда аймактык маселелерди талкуулоого даяр. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Кислица билдирди.

"Зеленский ачык айтты. Ал Путин менен жолугушуп, аймактык маселелерди талкуулоого даяр", - деди ал NBC News маалымат каражатына берген маегинде.

Буга чейин Би-Би-Си 18-августта Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунда Украинанын картасы Овал кеңсесинде 20 пайыз аймагы кызгылт түскө боёлгонуна көңүл бурган. Би-Би-Си муну Трамптын Зеленскийге жерди тынчтыкка алмаштырууга макул болушу үчүн кысымды күчөтүүнүн ачык жолу катары чечмелеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан