Тоң районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан район аймагында рейддик иш-чара жүргүзүлгөн. Анда тинтүү иштери соттун токтомунун негизинде болгон. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган жана колдонулган сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдар, ошондой эле ок-дарылар табылып, тинтүү протоколу менен алынган.
Облустук милиция жарандарды мыйзамсыз курал-жарактарды ыктыярдуу түрдө тапшырууга чакырып, мыйзам бузуу фактылары аныкталса, тиешелүү жоопкерчилик каралганын эскертти.