Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жарандарды өлкөнүн эгемендүүлүк декларациясынын кабыл алынган күнү менен куттуктап жатып, жылды чаташтырып алганын чет элдик басыламалар жазышты.
Өкмөт башчы социалдык тармактардагы билдирүүсүндө алгач 1991-жыл деп жазып алган. Кийинчерээк аны кайра 1990-жыл деп оңдогон.
Армениянын көз каранды эместиги жөнүндөгү декларация 1990-жылдын 23-августунда Армян ССРинин Жогорку Совети тарабынан кабыл алынган. Документ өлкөнүн эгемендигинин орношунун башталышы болгон.