Биз социалдык тармакта

Израилдин өкмөтү Газаны басып алуу планын бекитүү үчүн чогулат

Израилдин саясий жана коопсуздук боюнча Министрлер кабинети 26-августтагы жыйынында Газа шаарын басып алуу планын карай турганын Ynet маалымат порталы билдирди.

Порталдын маалыматына караганда, тар кабинеттеги министрлерден Газа шаарындагы операциянын планын бекитүү боюнча добуш берүү сунушталат. Мындан тышкары жолугушууда ХАМАС кыймылы менен барымтадагыларды бошотуу келишими боюнча болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берилет.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 21-августта Газа тилкесине келип, ал жерде видео кайрылуу жасаган. Анда ал сапардын максаты Газа шаарын басып алуу планын бекитүү экенин айткан. Мындан тышкары ал өкмөт мүчөлөрүнө бардык барымтадагыларды бошотууну тапшырганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан