Бүгүн, 25-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жапалак аймактык башкармалыгында мектептердин жана бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерди.
Мэр №48 орто мектептин жаңы окуу жылга карата даярдыгын көрүп, имараттагы кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү кызмат адамдарына тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, Токторбаев №75 “Тунук Наристе”, №84 “Ынтымак” балдар бакчаларындагы бөбөктөрдүн уктоочу, тамактануучу жайларын көрүп, ашкана, ажатканаларынын абалын, тамак-аш сапатын текшерди.