Биз социалдык тармакта

Улуу Британияда карнавал учурунда 140 адам кармалды

Улуу Британияда Ноттинг-Хилл карнавалы учурунда полиция 140 адамды кармады. Бул тууралуу Лондондун Ички иштер министрлиги кабарлады.

Полициянын маалыматына ылайык, кармалгандарга баңгизат сактоо жана сатуу, курал алып жүрүү, полицияга кол салуу, тоноп кетүү жана башка кылмыштар боюнча айыптар тагылган.

Алардын ичинен 105 адам түз эле карнавалда, калгандары ага жакын жерде кармалган.

Ноттинг-Хилл карнавалы — бул ар жылы августтун аягында Лондондун Ноттинг-Хилл районунда өтүүчү Кариб маданиятынын ири көчө фестивалы. Ал 1960-жылдары негизделип, расалар аралык түшүнүшүүнү чыңдоону максат кылат.

2024-жылы бул иш-чарада 230 адам кармалган. Карнавалдын акыркы күнүндө жети адам бычакталып, жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан