Биз социалдык тармакта

"Эч ким, эч качан унутулбайт!". Кыргызстандык журналисттер Москвадагы Жеңиш музейине барышты (фото)

Кыргызстандын журналисттерине Москвада Жеңиш музейине экскурсия уюштурулду. Иш-чара АНО "Евразиянын" "Узнай Россию" программасынын негизинде өткөрүлдү.

Экскурсиянын жүрүшүндө журналисттер 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы менен жакындан таанышып, баатырлардын сакталган буюмдары, курал-жарактар, каттар, согуш учурунда тартылган кадрлар, ар бир советтер союзунун баатырларынын сүрөттөрүн көрүп, биографияларын окуп чыгышты.

Кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиевдин портреттерин көрүп, сыймыктануу сезимдерине бөлөнүштү. Ошондой эле, согуш боюнча маалымат берилген кыска тасмаларды дагы көрүшүп, көзгө жаш алып чыгышты.

Эске салсак, Согуш СССРге Германиянын кол салуусу менен башталган. 1941-жылы 22-июнда түнкү саат 3төн 10 мүнөт өткөндө Львов облусунун коопсуздук кызматы УССР КГБ кызматына шашылыш коңгуроо чалып Сокаль шаарынын аймагындагы чек арадан өткөн вермахт ефрейтору Альфред Лисков кармалганын, 22-июнда эрте менен Германия аскерлери согуштук чабуулга өтөрүн билдирген. Бирок Германия таң атуусун күтпөй, түнкү саат 3:30да чабуулга өткөн. Ошентип Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын ичинде миңге чукул аял болгон. 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон.
Советтер Союзунун Баатыры наамын алган биринчи кыргыз - Дүйшөнкул Шопоков болгон. Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандык 150 миңдей жоокер орден жана медалдар менен сыйланып, 71 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган. Кыргызстандык 29 жоокер Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган. Алардын ичинен 8 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алган.
Москвадагы Жеңиш музейи 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейи катары 1995-жылы 9-майда ачылган. Музейдин коллекциясында дээрлик 400 миң экспонаттар бар.



25.08
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан