Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаңы тротуар куруу үчүн аймактар бошотулууда

Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсү, 1а дарегинде жаңы тротуар куруу жана көрктөндүрүү иштеринин алкагында курулуш иштерине тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул жерде гараж кооперативи жайгашкан. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы гараж ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жалпысынан 210 эскертме кагаз берилип, бүгүнкү күндө 28 гараж демонтаждалган.

Кошумчалай кетсек, Лев Толстой көчөсү, 2/1 дарегинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин үй ээлери өз ыктыяры менен турак эмес имаратты жана унаа жуучу жайды алуу иштерин башташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан