Чүй облусунда 2,13 гектар жер тилкеси бар өнөр жай объекти мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат Панфилов районунун Чалдовар айылында жайгашкан 2,13 гектар жер тилкеси менен "Чалдовар тигүү фабрикасы" АКнын өнөр жай объекти мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталганын белгиледи.
Аталган объект 2004-жылы аукцион же сынак өткөрүлбөстөн Фрунзе айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде жеке менчикке өтүп кеткен. Учурдагы менчик ээси мүлккө ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп бергени кошумчаланды.